Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 1
«Алтын Май» ЖЧКоомунун «Сарайсай» участкасындагы чачыранды алтын кенин казуу үчүн 2020-жылга уруксат берүү жөнүндө
«Алтын Май» ЖЧКоомунун аткаруучу директору Д.А. Иманбековдун «Сарайсай» участкасындагы чачыранды алтын кенин 2020-жылга кайрадан иштетүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Алтын Май» ЖЧКоомунун кайрылуусунун негизинде Терек-Сай айыл аймагындагы «Сарайсай» участкасына 1747 АЕ лицензиясынын негизинде чачыранды алтын кенин иштетүүгө 4,5 га жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Берилген жер аянтын бөлүп берүү жана тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук «Мамлекеттик жер каттоо» жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын жер казыналар жөнүндөгү мыйзамына ылайык Терек-Сай айыл аймагына жылына социалдык пакет боюнча колдоо көрсөтүп туруу жагы белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына уруксат берилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |