Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХIV cессиясы
2020-жылдын 24-марты № 24-1
Статьядан статьяга акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловдун Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекциясын жайылтпоо боюнча учурда болуп жаткан талаптарга ылайык тийиштүү иш-аракеттерди ишке ашыруу максатында Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатын статьядан статьяга жылдыруу жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13-беренесине ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен өзгөчө кырдаалдарга каралган 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражатын коронавирустун алдын алуу максатында айыл аймактын элдерине бет кап менен хлор таратууга жана пост уюштурууну камсыз кылууга жумшалсын.
2. ”Нооруз” майрамына каралган 40,0 (кырк миң) сом акча каражаты үнөмдөлгөнүнө байланыштуу, аталган акча каражаты Жерге-Тал айылынын ичүүчү суу системасын ремонттоо боюнча шланга жана башка керектөөлөрдү сатып алууга жылдырылсын.
3. Жогоруда аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирип туруу жагы ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзѳмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Шакыев К. |