Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХV cессиясы
2020-жылдын 31-марты № 25-1
Жерге-Тал айыл аймагына санитардык-карантиндик постторду уюштуруу жөнүндө
Аксы райондук Жарандык коргонуу штабынын отурумунун 2020-жылдын 30-мартындагы № 4 протоколуна ылайык айыл аймагында коронавирус (COVID-19) оорусунун кирип, жайылып кетүү коркучунун алдын алуу максатында айыл аймакка санитардык-карантиндик өткөрмө постторду уюштуруу жөнүндөгү Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Айткулов Таалайбектин сунушун угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагына кирүүчү төмөндө көрсөтүлгөн жолдорго санитардык карантиндик посттор уюштурулсун:
1) Боспиек айылынын М. Шадыбеков көчөсүнө
2) Жерге-Тал айылынын Ч. Багышбеков көчөсүнө
2. Айыл аймактын Боспиек, Жерге-Тал айылына кирүүчү төмөндөгү көчөлөрү толугу менен жаап салынсын.
1) Алтынай каналынын башындагы Боспиек айылына кирүүчү жолго
2) Карышкыр-Сайдагы Жерге-Тал айылына кирүүчү жолго
3) Боспиектин чек арасынын жанынан Боспиекке кеткен жолго
4) Аманбаев Назаркулдун үлүш жеринин жанынан Жерге-Талга кеткен жолго
5) Боспиектин үлүш жерлеринин жанынан Боспиекке кеткен жолго
6) “Шейит мазарынын” жанынан Жерге-Талга кеткен жолго
7) Ж. Шералиев көчөсүнө чейинки жолдон Жерге-Талга кирген жол
8) Жерге-Тал айылынын Ж. Шералиев көчөсүнө
9) Жерге-Тал айылынын А. Субанов көчөсүнө
10) Жерге-Тал айылынын Чолпонбай көчөсүнө
11) Чатыраш столбанын маңдайындагы Жерге-Тал кирген жолго
12) “Бузулган көпүрөнүн” жанындагы Жерге-Талга кирген жол
13) Лесскладдын жанынан Жерге-Талга кирген жолго
3. Санитардык-карантиндик постторду коюуда тиешелүү кызматтар менен макулдашуунун негизинде тийиштүү шарттары менен уюштурулуп,өрт жана башка кырсыктардын алдын алууга терс таасирин тийгизүүчү каражаттар (кум, таш, шагыл, оор салмактагы цементтен жасалган тосмолор ж.б.) колдонулбасын.
4. Санитардык-карантиндик постторго айылдык кеңештин депутаттарынан, айыл өкмөттүн кызматкерлеринен, элдик кошуундун жана жайыт комитетинин мүчөлөрүнөн дежурствонун тизмеси түзүлүп, бекитилсин.
5. Постторду уюштурууга жана посттун иштөөсүн камсыз кылууга чыгымдалуучу акча каражаттын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
6. Посттордо турган топтордун иштөө тартибин, материалдык-техникалык жактан жана дежурстводогу турган дежурлардын коопсуздугун камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
7. Айыл аймагынан бейчеки чыгып-кирип жаткан жарандарга, автоунааларга чектөө коюу, башка айыл аймактын жарандарын такыр киргизбөө, кирип-чыккан автоунааларды каттоо жагы дежурствонун мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
8. Айыл аймагындагы дарыканадан башка бардык соода түйүндөрү кечки саат 20.00 дөн эртең мененки 8.00 гө чейинки аралыкта иштөөсүнө тыюу салынсын.
9. Айыл аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан эл кирип жаткан объектилерди жана көчөлөрдү залалсыздандыруу иштери жүргүзүү күчөтүлсүн.
10. Айыл аймагынын малдарын жайлоого көчүрүүдөгү уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
11. Санитардык-карантиндик постторго зарылчылына жараша райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ш. Таңгировдон, үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Р. Бөрүкуловдон, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгер Ж. Апсаматовдон жардамдарды суроо жагы айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | К. Шакыев |