Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз ХХIХ сессиясы
2020-жылдын 13-марты № 1
Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында “Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринде окутуунун шарттарын жакшыртуу” долбоору Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын Ыйгарымдуу Элчиси Маэда Сигэки менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын гранттык макулдашуусун бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Минбаев Дөөлөтбектин билдирүүсүн угуп, карап жана талкуулап, Кара-Суу айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында “Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринде окутуунун шарттарын жакшыртуу” долбоору Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын Ыйгарымдуу Элчиси Маэда Сигэки менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Минбаев Доолотбек Бодоновичдин ортосунда 65957,0 (алтымыш беш миӊ тогуз жүз элүү жети) миӊ АКШ доллар өлчөмүндө гранттык макулдашуусу бекитилсин.
2. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеӊештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы бөлүм башчы башкы бухгалтер Т.Тилекбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы А. Чалыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |