Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз ХХIХ сессиясы
2020-жылдын 13-марты № 6
Короновирус оорусунун кирип кетишине жол бербөө жана алдын алуу жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Керимкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектептерде, коомдук жайларда жана көчөлөрдөгү атуулдарга короновирус оорусунун кирип кетишине жол бербөө жана алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери боюнча калктын калың катмарына жеткирилсин.
2. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө эстеткичтерди маалымат такталарга илип, калкты буйрук менен тааныштырып туруу жагы айыл башчыларга жана кураторлорго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Миңбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |