Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз ХХХ сессиясы
2020-жылдын 20-марты № 1
Коронавирустун алдын алуу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, карап жана талкуулап, Кара-Суу айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коронавирус оорусунун алдын алуу жана көзөмөл жүргүзүү боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүндө штаб түзүлүп, иш чаралар уюштурулсун.
2. Коронавирус COVID -19 жугуштуу оорусунун алдын алуу максатында калкты бет кап менен камсыз кылуу үчүн 100 000 (жүз миң) сом каражат бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Суу айыл аймагында майрамдардын, мааракелердин түрүнө карабастан коомдук жана эс алуучу жайларда, тамактануучу жайларда көпчүлүк менен мамиле кылууга тыюу салынсын.
4. Спорт оюндары, спорт залдагы машыгуулар, окуучулардын мектепке келүүсү, жума намаздын окулушу Кыргыз Республикасынын токтомунун негизинде азыркы учурдун талабына ылайык токтотулсун.
5. Жогорудагы токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин бюджет жана каржы комитетине жана саламаттык сактоо, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |