Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз ХХХI сессиясы
2020-жылдын 30-марты № 1
Айыл өкмөт тарабынан коюлган блок постто атуулдарды өткөрүү эрежелери жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, карап жана талкуулап, Кара-Суу айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтү тарабынан коюлган блок посттон өтүүдө, төмөнкүдөй иштер менен чыгуучу атуулдарга уруксат берилсин;
-Ооруканага баруучуларга
- Азык түлүк алып келүүчүлөргө
-Айыл чарбасына таандык иштер (мал, дыйканчылык, бал челегин кароо, айдоо-үрөн себүү, шаймандарды алып келүү)
- Банкка барууга
-мамлекеттик кызматтагылар (милиция, врачтар, вет.врач, электрик)
- Бензин, солярка жана заправка үчүн ГСМ алып келүүгө.
2. Чет өлкөдөн же коронавирус чыккан аймактан келген атуулдар өзгөчө көзөмөлдө болуп, ар бир өткөн атуулдар катттоого алынсын.
3. Кызыл-Көл, Түрдүк айылдарындагы коюлган блок посттор максатка ылайыксыз экендиги белгиленсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзам актыларына ылайык адам укуктары чектелип жаткандыктан блок посттор алынып ташталсын.
4. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча саламаттык сактоо, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына, участкалык милицияларга жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Миңбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |