Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясы
2020-жылдын 15-майы № 5
Айыл өкмөтүндөгү жашылдандыруу боюнча аткарылган иштер жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, карап жана талкуулап, Кара-Суу айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашылдандыруу боюнча айыл өкмөтүндө иштер жүрүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Мындан ары да жашылдандыруу иштерине жоопкерчиликтүү мамиле жасоо жагы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисине жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиске жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Н. Жаркынбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |