КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 23- cессиясы
2020-жылдын 21-марты № 23-1
Алдын ала чара көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында каронавирус ооруусунун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга ылайык жана Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы № 155 “Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатындагы айылдык кеңешинин социалдык, билим берүү, маданият, спорт тармагы комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учурдагы болуп жаткан кооптуу абалга, ооруунун тарап кетишин алдын алуу максатында коомдук транспортторду, жеке менчик эл тейлеген жеӊил унааларды зарыл учур болбогон мезгилде токтотуп туруу, убактылуу чектөө киргизүү жөнүңдө автобекеттин жетекчилигине сунуш киргизилсин.
2. 6 адамдан ашкан мааракелер, иш чаралар, той-аштар, оюн-зооктор жана адам чогулуучу жыйындар убактылуу токтотулсун.
3. Спорттук иш чараларды өткөрүү, спорт залдарды убактылуу жаптыруу мекеме-уюмдун жетекчилигине жана мектеп директорлоруна эскертилсин.
4. Айылдык ФАПтын, айыл өкмөттүн кызматкерлери жана айылдык кеӊештин депутаттары менен биргеликте айыл калкына оорунун алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
5. Айыл арасындагы дүкөндөргө, ун жана макарон азыктарын саткан жеке ишкерлерге азык түлүктөргө болгон бааларды туруктуу кармоо, көтөрбөө боюнча эскертилсин.
6. Жогорудагы эрежелерди аткарбаган жарандарга мыйзам чегине чара көрүлсүн.
7. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык, билим берүү, маданият, спорт тармагы комиссиясына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Т. Шайдиев |