Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 24- cессиясы
2020-жылдын 26-марты № 24-1
Алдын ала чара көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында каронавирус ооруусунун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга ылайык элдин коопсуздугун сактоо максатындагы айылдык кеңешинин социалдык, билим берүү, маданият, спорт тармагы комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учурдагы болуп жаткан кооптуу абалга , коронавирус ооруусунун тарап кетишин алдын алуу максатында, элдин кайрылуусунун негизинде Кызыл-Туу айыл аймагынын кире беришине көзөмөл пункту уюштурулсун.
2. Турдалиев Тургунбек атындагы көчө убактылуу шагал төгүлүп, жол каттамы бекитилсин.
3. Жарандык коргонуу комиссиясынын мучөлөрүн, айылдык кеӊештин депутаттарын, элдик кошуундун мүчөлөрүн жана айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлерин камтуу менен төрттөн кем эмес курамда көзөлдөө жүргүзүлсүн.
4. Көзөмөлдөө пунктундагы эрежелерди иштеп чыгуу Жарандык коргонуу комиссиясынын башчысы Т. Шабдановго милдеттендирилсин (тиркеме тиркелет).
5. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык ,билим берүү, маданият, спорт тармагы комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Т. Шайдиев |