Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 24- cессиясы
2020-жылдын 26-марты № 24-2
Жайыт комитетинин 2020-жылга бюджетин жана жайытка байланыштуу ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы Ш. Арзыбаевдин 2020-жылга бюджетин жана жайытка байланыштуу ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды үнөмдүү пайдалануу максатында жазгы жайытка 10-майдан калбай, жайлоолорго 20-майдан -1июнга чейин, күзгү жайытка көчүрүү 5-сентябрдан деп белгиленсин.
2. 5-майдан баштап корук уюштурулуп, айдоо аянттарына жакын жайгашкан малчылар жазгы жайытка көчүрүлүп чыгарылсын.
3. Айыл ичинде бирден мингич аттардан башка, айыл ичинде себепсиз алып калган субай бодо малдар боюнча көзөмөл жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилсин.
4. Айыл ичинде жайлоого кетирбей алып калган себепсиз кой-эчкилер үчүн катуу чаралар көрүлүп, эгерде баш тарткан учурда жайыт мыйзамына ылайык жалпы элдик пайдалануудагы жайытты талапка ылайык пайдаланбагандыгы үчүн жалпы элдик жыйындын токтому менен административдик тартипте жаза тартаары эскертилсин.
5. Айдоо аянтына жана эгилген көп жылдын чөптүн аянтына кирип зыян келтирген малдардын ээлерине Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде айыл салынсын.
6. Ар бир мал багуучу, бадачы менен 3 тараптуу (айыл өкмөтү, жайыт комитети жана жайыт пайдалануучу) келишимдер түзүлсүн,келишимде белгиленген мал багуудагы кызмат акысын көтөргөн чабандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
7. Ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн жана комиссия менен бирдикте санак жүргүзүлсүн.
8. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин малын баккан малчылар ар бир баш кой, эчкиге түзүлгөн келишимдин негизинде бада акысын алуу белгиленсин.
9. Жайыт пайдалануучулар эрежесин бузгандарга, эрте көчүп келген малчыларга КР Бузуулар кодексинин негизинде айып салынсын
10. Бул эрежелер жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлсүн
11. Жайыт комитетинин уруксаты жок төгүлгөн ар бир машина таштандыга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде айып салынсын.
12. Бул токтомдун аткарылышы жайыт комитетинин төрагасы Ш Арзыбаевке милдеттендирилсин.
13. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн
14. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т Алимбековко милдеттендирилсин.
.
Төрага | А.Т. Шайдиев |