Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 24- cессиясы
2020-жылдын 26-марты № 24-3
Жайыт комитетинин жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы Ш. Арзыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл чарба жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комисиясынын корутундусунун негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы калк жайыт акы үчүн ар бир баш кой, эчкиге 10 сомдон, бодо малга 50 сомдон төлөө белгиленсин.
2. Чогулган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ш.Арзыбаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А. Калматовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Алимбековко милдеттендирилсин. ..
Төрага | А.Т. Шайдиев |