Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19-сессиясы
2020-жылдын 8-февралы № 2
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарын сметасын киреше жана чыгаша бөлүгүн түзүлүшү жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүнфинансы бөлүмүнүн башчысы Г. Хамрабаевдин Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарын сметасын киреше жана чыгаша бөлүгүн түзүлүшү жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-чакырылыш 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүүбюджетинин каражаттарын киреше булактары 21966,3 сомго, чыгаша бөлүгү 21966,3 миң сомго тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн2020-жылга атайын төлөм каражаттарын сметасынын киреше булактары 2200,0 сомго, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 2200,0 миӊ сомго ылайык бекитилсин.
3. Токтом akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Инамов |