Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19-сессиясы
2020-жылдын 8-февралы № 2-2
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 1-январь 2020-жылга калдык болуп ѳткѳн бюджеттен 786312 миӊ сом, атайын төлөм каражаттарынан 9211 миӊ сом акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г. Хамрабаевдин Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 1-январь 2020-жылга бюджеттен 786312 миӊ сом, атайын төлөм каражаттарынын 9200 сом акча каражаттары жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-чакырылыш 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 1-январь 2020-жылга калдык болуп ѳткѳн бюджеттик каражаты 786312 миӊ сом, атайын төлөм каражаты 9211 миӊ сом акча каражаттары тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин.
2. Токтом akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы финансы бөлүмүнүн башчысы Г. Хамрабаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Инамов |