Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19-сессиясы
2020-жылдын 8-февралы № 6
Өзгөчө кырдалдарга карата акча каражаты ажратуу жөнүндө
Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы ѳзгѳчѳ кырдалдарды алдын алуу боюнча иш арекеттерин жүргүзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөчө кырдалдарды алдын алуу боюнча иш арекеттерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин ар түрдүү чыгымдар беренесинин эсебинен 200000 (эки жүз миң ) сом акча каражаты ажратылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы финансы бөлүмүнүн башчысы Г. Хамрабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | М. Инамов |