Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19-сессиясы
2020-жылдын 8-февралы № 8
Ак-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасына акы төлөө жана компенсациялоо тууралуу жөнүндө
Ак-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасы Инамов Мамурбекке акы төлөө жана компенсациялоо тууралуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 12.10.2016-жылдагы № 01-24/166 буйругунун негизинде Ак-Коргон айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык Кеңешинин бюджет эана экономика комитетинин тѳрагасы Атаходжаев Убайдулланын билдирүүсү эске алынсын.
2. Буйрукка ылайык төраганын эмгек акысы айыл өкмөт башчысынын бир күндүк орточо акысына барабар жана ар бир сессия болгон күнү чыккан деп эсептелсин. (даярдоо күнү өткөргөн күнү сессияга чейин, сессия өткөргөн күнү, сессиядан кийинки күнү токтомдор, текшерүү, кол коюу күнү)
3. Ак-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасына эмгек акы төлөө, ушуга чейинки сессия өткөргөн күндөрүн 2017-жылдан баштап компенсациялоо, Мыйзам чегинде айыл аймагынын атайын каражат эсебинен камсыздоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Г.Хамрабаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айылдык Кеӊешинин финансы экономикалык маселелери боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | М. Инамов |