Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезексиз 20-сессиясы
2020-жылдын 18-марты № 2
Ак-Коргон айыл аймагына караштуу “Протравка” участкасынан кыш завод куруу үчүн жер бөлүп берүү жана ишкердикти Өнүктүрүү чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагындагы калкты арзан курулуш үчүн зарыл болгон кыш менен камсыз кылуу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 18-март 2020-жылдагы 27-чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн калктын курулушка керектелүүчү материалдарга болгон муктаждыгын чечүү максатында курулуш үчүн кыш жеткерип берүү максатында кыш заводун курууга Ак-Коргон айыл аймагында № 57 контурундагы “Протравка” участкасынан 2,80 га айыл-чарба багытында жер аянтын ѳнѳр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуп (трансформациялоо) берүү жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
2. Тиешелүү документтерди тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл Кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Инамов |