Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясы
2019-жылдын 23-октябры № 1
“Ала-Бука–Кербен” автоуна жолун Өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен асфальттоо маселесин кароо жөнүндө
“Ала-Бука–Кербен” автоуна жолун Өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен асфальттоо боюнча Ак-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасы М.Инамовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин депутаттары Насипов А. жана Д. Матхоликовдун сунуштарын эске алып Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 05-04/1459 сандуу протоколунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Турсунбаевдин 8 айылдык аймактын башчылары жана 8 айылдык кеңештин тѳрагалары менен 17-октябрь 2019-ж өткөрүлгөн жыйындын № 1 пртоколунун негизинде Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ала-Бука–Кербен” автоуна жолунун 15,1 чакырымдан 20,0 чакырымга чейинки 4,9 км аралыгы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынып, Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн эсебинен Өнүктүрүү фондунун каржылоосу аркылуу асфальттоо маселеси жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айылдык Кеӊешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Фарманкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Инамов |