Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясы
2019-жылдын 23-октябры № 2
Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чек ара аймагында жайгашкан Баястан айылындагы “Кызыл-Кол” участкасынан Эркин экономикалык аймак ачуу чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чек-ара аймакта Эркин экономикалык аймак ачууга жер аянтын ажратып берүү максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука району Ак-Коргон айыл аймагында жайгашкан Баястан айылынын Өзбек Респуликасы менен чектеш чек-ара аймакта жайгашкан “Кызыл-Кол” участкасынан Эркин экономикалык аймак ачуу үчүн 68,30 га жер аянты ажратып берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айылдык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комитетине жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Фарманкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Инамов |