Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясы
2019-жылдын 23-октябры № 3
Ак-Коргон айыл аймагындагы Сафед-Булан айылында муниципалдык менчик парк жаратуу чаралары жөнүндө
Сафед-Булан айылында эс алуучу бак жаратуу үчүн жер аянты ажратып берүү максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагында жайгашкан Сафед-Булан айылындагы “О.Жороев” көчөсүнүн түштүк тарабындагы муниципалдык менчикте турган 0,50 га жер аянтына эл эс алуучу парк жаратуу үчүн ажратып берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айылдык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комитетине жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Фарманкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Инамов |