Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясы
2019-жылдын 23-октябры № 4
Ак-Коргон айыл аймагындагы кыш заводун жер аянтына ижара акысын белгилѳѳ жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагындагы жаӊы куруп ишке түшүрүлгөн кыш заводунун жер аянттына ижара акысын мыйзамдуу белгилѳѳ максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагында жаӊы куруп ишке түшүрүлгөн кыш заводунун жер аянттарын тактап, ижара акысын белгилүү үчүн айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнөн турган комиссия жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары, киреше бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүнжер адисинен турган атайын комиссия түзүлсүн .
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айылдык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комитетине жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Фарманкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Инамов |