Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясы
2019-жылдын 23-октябры № 5
“Кыргызстандын 10-жылдыгы” атындагы көп тармактуу үрөнчүлүк айыл чарба кооперативине дан жыйноочу комбайн сатып алуу чаралары жөнүндө
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 02.10.2019-жыл № 02/1-03/2711 катын карап чыгып Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука районунда 2020-жылы жол жылы деп жарыялоого байланыштуу Райондук Өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан андан башка толгон токой социалдык маселелер каржы тартыштыгына байланыштуу чечилбей келе жаткандыктан жакынкы жылдарда бул маселени чечүү мүмкүнчүлүгү аз, мүмкүнчүлүк болору менен чечүү белгиленсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айылдык Кеӊешинин финансы экономикалык маселелери боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | М. Инамов |