АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясы
2019-жылдын 23-октябры № 6
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сафед-Булон айылында куруксай участкасындагы жер аянтына күбөлөндүрүүчү документ алуу жөнүндө
1999-жылдын 30-апрелиндеги кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-статьясынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын коммуналдык менчик жөнүндөгү 15.03.2002-жылдын № 37 мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагындагы Сафед-Булон айылынын “Куруксай” участкасында жайгашкан селканадагы № 61 контурдагы 30,56 га жер аянты Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2. Жер участогун инвентаризациялоо жана жер аянтына тиешелүү болгон иш кагаздарын даярдап, жер участогуна болгон күбөлүк берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккѳ болгон укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Токтом akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Кеңешинин жер жана агрардык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Инамов |