Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 18-сессиясы
2019-жылдын 11-ноябры № 2
Ак-Коргон айыл аймагына караштуу Сафед-Булон айылынын “Капчыгай” участкасынан турмуш-тиричилик чыкындыларын таштоо үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагындагы тазалыкты сактоо, санитардык гигиеналык абалды жънгъ салуу жана турмуш – тиричилик чыкындыларын топтоону иретке салуу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 11-ноябрь 2019-жылдагы № 27-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн тазалыкты сактоо, санитардык гигиеналык абалды жѳнгѳ салуу жана турмуш – тиричилик чыгындыларын топтоону иретке салуу максатында Сафед-Булон айылынын “Капчыгай участкасынан К-133 контурунан 2,0 га айыл-чарба багытында пайдаланууга жараксыз, жер кыртышы бузулган жер аянтын өнөр жай категориясына которуп (трансформациялоо) берүү жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
2. Токтом akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Тиешелүү документтерди тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Инамов |