Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 18-сессиясы
2019-жылдын 11-ноябры № 3
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн ортосунда келишимди кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Ак-Коргон айыл өкмөтүнүнортосунда түзүлгөн келишим жөнүндө Ак-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасы М. Инамовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн Эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү” 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айылдык Кеӊешинин финансы экономикалык маселелери боюнча туруктуу комитетине жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Фарманкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Инамов |