Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезексиз ХХХII сессиясы
2019-жылдын 13-сентябры № 1
Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылындагы № 6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин класс комплектисин кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезексиз XXХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирдик айылындагы № 6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинде 10-класстын окуучуларынын саны 9 болгондугуна байланыштуу 2019-2020-окуу жылында класс комплектөөгө 1 класс болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы № 6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Б. Кураналиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |