Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХIII сессиясы
2019-жылдын 2-декабры № 7
Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылындагы № 6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски корпусун жана ФАПтын имаратын бузуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылындагы № 6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски корпусун жана ФАПтын имаратын бузуу үчүн төмөндөгү комиссия курамы түзүлсүн:
К. Эпеев: - айыл өкмөт башчы, комиссиянын төрагасы;
С. Мурзабеков: - айыл башчы, төраганын орун басары;
Мүчөлөрү:
Ө. Чоялиев: - жергиликтүү кеӊештин депутаты;
С. Абдрахманова: - жергиликтүү кеӊештин депутаты;
Э. Апыкеев: - жергиликтүү кеӊештин депутаты;
Муса у Ж: - жер адис;
М. Чолпонкулов: - аксакалдар сотунун төрагасы;
Б. Кураналиева:- - №6 Бирдик орто мектебинин директору;
Б. Нурманбетова: - ФАПтын башчысы;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |