Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХIV сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 1
Евразиялык инвестициялык союзуна долбоор жазып сунуштоо жѳнʏндѳ
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХXXIV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 26-декабрындагы Көк-Ирим айыл аймагынын Арал, Бирдик айылдарынын жашоочуларынын чогулушунун №17-протоколу жактырылсын.
2. Айыл элинин эӊ орчундуу көйгөйлүү деп табылган төмөндөгү 1 долбоор:
• Мал багуучуларга үй куруу жана сатып алган малдарына сарайларды куруу боюнча Евразиялык инвестициялык союзуна сунушталсын.
3. Евразиялык инвестициялык союзуна долбоор жазып, долбоорду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Ж. Капаровко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |