Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХIV сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 3
“Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондусу”мекемесине долбоор жазып сунуштоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХXXIV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал Бирдик айылдарынын жашоочулары менен болгон 25.12.2019-жылдагы чогулуштарынын № протоколу жактырылсын.
2. Айыл элинин эӊ орундуу көйгөйлүү деп табылган төмөндөгү 1 долбоор
• вет сервис уюштуруу боюнча долбоору жазылып Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Жогорудагы долбоорду мыйзам чегинде ишке ашыруу жана тийешелүү иш кагаздар менен камсыз кылуу жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |