Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХIV сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 4
Евразиялык инвестициялык союзуна жазылган долбоордун өздүк салымына акча каражатын каратуу жана Бирдик айылындагы № 6 Бирдик орто мектебинин үстүн чатырлоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХXXIV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евразиялык инвестициялык союзуна “Арал айылына бала бакча куруу” боюнча жазылган долбоордун өздүк салымына Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусунан каралган акча каражатынан 550, 000 ( Беш жүз элүү миӊ) сом акча каражатын берүү жагы суралсын.
2. № 6 Бирдик орто мектебинин үстүн чатырлоого 50, 000 (Элүү миӊ) сом акча каражаты Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусунан каралган акча каражатынан бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Эпеевке жана Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |