Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 30-марты № 2
Көк-Ирим айыл аймагында жазгы айдап – себүү, көчүп-конуу, жайыт акысы, корук жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагында жазгы айдап- себүү иштери өз убагында колго алынсын жана техниканы пайдаланууда төмөндөгү баалар бекитилсин.
-касилка, жатканын баалары төмөндөгү баада бекитилсин:
- 1 га пресстөөгө 15 сом май, жиби ичинде
- 1 жиби жок майы жок: 10 (Он) сом, 10 литр май;
- 1 га жаткага 2 200 сом майы ичинде
- 1 га касилка тырмоосу менен 2 200 сом майы ичинде;
- Айдоого (80 МТЗ) 1 га 1000 (миӊ) сом акча 20 литр май;
- Айдоого (899 МТЗ) 1га: 1000 (миң) сом акча 25 литр май;
-малалоо 1 га: 500 (Беш жүз) сом акча 10 литр май;
- себүүгө 1 га: 500 (Беш жүз) сом 10 литр май;
- Борона( мурун айдалган жерди айдоого): 1га : 600 ( Алты жүз) сом, 10 литр май;
- Борона (жаӊы жерди айдоого): 1га : 800 ( Сегиз жүз) сом, 10 литр май;
- Чөп тырмоо: 1 га: 500 (Беш жүз) сом, 5 литр май;
-Чөптү престөө:
- жайкы чөп чабуу иштеринде косилка, жатканын баалары төмөндөгү баада бекитилсин:
- 1 га жаткага 2 200 сом майы ичинде
- 1 га касилка тырмоосу менен 2 200 сом майы ичинде;
- жер айдоо 10 сотых: 250 (Эки жүз элүү) сом акча 5 литр май;
- жер малалоо 10 сотых: 150 (Жүз элүү) сом акча, 5 литр май
2. Жалпы 1 гектарга кетүүчү чыгым 2000 (эки миӊ) сом акча, 40 (кырк ) литр май керектелээри менчик ээлерине түшүндүрүү менен иш алып барылсын.
3. Ички жайыттарга көчүү 20-апрелге, алыскы жайыттарга көчүү 1-майдан 5-майга чейин, ал эми кайтып келүү 1-октябрга белгиленсин. Ички жана алыскы жайыттарга көчкөнгө чейин бада уюштуруу мал ээлерине түшүндүрүү жана белгиленген убактан кеч кетсе же эрте келсе мыйзам чегинде административдик чара көрүлөрү бадачыга тааныштыруу менен эскертилсин.
4. Көк-Ирим айыл аймагында бадачыга мал баккан акысы үчүн төмөндөгүдөй баада бекитилет жана ар бир ашыкча салынган сом үчүн чара көрүлөрү, патент киргизүү жагы каралаары эскертилсин.
- Бир баш бодо малга 300 (үч жүз) сом
- Бир баш кой-эчкиге 60 (алтымыш) сом
5. Айдоо аянттарына түшкөн малды камоодо чыгыш болсо корукчу эмес мал ээси жооптуу экендиги эскертилсин.
6. Жайыт комитетинин төмөндөгү сунуштары бекитилсин:
2019-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
- Чоӊ бодо малга - 85 сом
- Жылкыга - 85 сом
- кой-эчкиге - 17 сом
- Бал челек - 100 сом
Башка райондон келген малга:
- Бодого - 170 сом
- кой эчкиге - 34 сом
- жылкыга - 170 сом
- Бал челек - 200 сом
7. Жайытты мал жаюу менен байланышпаган башка максатттарга (чөп чабынды) пайдалануу үчүн тариф акысы:
1 га жерге - 500 сом
8. Убактылуу мал кармоого, убактылуу сарай салууга төлөм акысы :
- 1 сотых жерге - 20 сомдон тариф боюнча бекитилсин.
9. Погрузчиктин тарифи:
- 1 саатка -800 сом
- 1 саатка – 2000 сом соляркасы менен
- ЗИЛ менен шагыл, топурак жүктө – 400 сом
- КАМАЗга шагыл , топурак жүктө – 800 сом
- ХОго шагыл, топурак жүктө - 1400 сом
10. Көк-Ирим айыл аймагында жашылдандыруу –көрктөндүрүү иштери колго алынсын, ар бир тургундун үйүнө кирип айлана чөйрөсүн тазалоо, арыктарды чабуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине. Арал айылынын айыл башчысы: Э.Чолпонкуловко жана Бирдик айылынынын айыл башчысы: С.Мурзабековго милдеттендирилсин.
11. Эгер жарандардын өзүнө тийешелүү жери тазаланбаса, арыктары чабылбаса жана таштандылары чыгарылбаса мыйзам чегинде административдик чара көрүлсүн.
12. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап юридикалык күчкө ээ болот.
13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |