Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 30-марты № 3
Көк-Ирим айыл аймагында ички корук маселесин чечүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагында ички айдоо аянттарында корук иштери айыл башчылар: С. Мурзабеков, Э. Чолпонкулов тарабынан колго алынсын.
2. Ички корук иштери 2020-жылдын 20-апрелинен баштап 20-майга чейин жүргүзүлсүн.
3. Ички айдоо аянттарына түшкөн малга айдоо аянтына келтирген зыянына карата мыйзам чегинде чара көрүлөрү мал ээлерине эскертилсин.
4. Айдоо аянттарына түшкөн малды камоодо чыгыш болсо корукчу эмес мал ээси жооптуу экендиги эскертилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |