Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-апрели № 1
Муктаж үй бүлөлөр жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен Сузак районуна бөлүнгөн акча каражатын азык-түлүккө муктаж үй бүлөлөргө бөлүштүрүү комиссиясынын 17.04.2020-жылдагы актысынын жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 20.04.2020-жылдагы № 94-б буйругунун, Багыш айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын отурумунун протоколу, Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Мурзабековдун кайрылуусунун негиздеринде Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук комиссия тарабынан бөлүнгөн 136,0 миң сом акча каражатын турмуштук оор кырдаалда турган, жардамга муктаж үй бүлөлөргө айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын протоколунун негизинде бөлүштүрүлсүн.
2. Райондук комиссия тарабынан бөлүнгөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын эсептеги 70111 башкаруу бөлүмүнүн 2218-статьясына жумшалсын жана справка уведомление жазылсын.
3. Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Багыш айылдык кеңешинин катчысы Ы.Алимбековага милдеттендирилсин.
5. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Саражиев |