Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-апрели № 2
Акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички аралык каналдарды кошумча 10 км каздыруу үчүн СПАнын жетекчиси А.Жолболдуевдин кайрылуусунун негизинде акча каражатын бөлдүрүү максатында Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кулбайуулу,Кокон маала, Жаңы конуш , Октябрь-2, Октябрь-3 участокторундагы ички аралык каналдарды каздыруу үчүн проектерди колдоо бөлүмүнөн 60,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго жана ФЭБнүн башчысы Р. Батировго милдеттендирилсин.
3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Багыш айылдык кеңешинин катчысы Ы. Алимбековага милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Саражиев |