Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-апрели № 4
Акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Туу, Багыш айылдарынын сел коркунучун жараткан турак-жайлардын суу каптоосунун алдын алууда айылдык кеңештин бюджеттик каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорттук кызмат көрсөтүү жана жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде акча каражатын бөлдүрүү максатында Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Туу, Багыш айылдарынын сел коркунучун жараткан турак-жайлардын суу каптоосунун алдын алуу үчүн проектерди колдоо бөлүмүнөн 20,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго жана ФЭБнүн башчысы Р. Батировго милдеттендирилсин.
3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Багыш айылдык кеңешинин катчысы Ы. Алимбековага милдеттендирилсин.
4.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Саражиев |