Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-майы № 1
Аксы токой чарбасы менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы жер аянттарынын чек араларын
аныктоо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Аксы токой чарбасы менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы жер аянттарынын чек араларын аныктоо жөнүндөгү маселе боюнча ушул мезгилге чейин айыл өкмөтү менен Аксы токой чарбасынын ортосундагы макулдашылган жер аянттарынын чек арасы боюнча такталган материалдарды угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы токой чарбасынын тескөөсүндө турган Кара-Тыт, Нарын, Аң-Жылга, Эчкили, Жолборсту, Райкомол, Кош-Алмурут, Бактуулак, Ак-Тикен, Кайнама, Оро-Башы, Чер, Шаркыратма, Кур-Айрык, Кенебай, Шиш-Баш, Тозот, Чоң-Тескей, Кара-Ой, Чөйо-Сай, Үч-Алмурут, Лагер, Сындан, Ыштык, Өрүк-Төбө, Туюк, Эшек-Арт, Сырт, Тепши, Чөн-Төбө, Чалчык, Жайык, Күйгөн жана башка калктуу конуштарга жанаша жаткан участкалар Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ээлигинде калтырылсын.
2. Коргон-Жар участкасындагы 120 га короолонгон жер аянты, Баткак, Жалгыз-Жаңгак, Ак-Терек, Белес-Жаңгак участкалары Аксы токой чарбасынын тескөөсүнө өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ак-Жол айыл өкмөтү менен Аксы токой чарбасынын макулдашылган жер аянттарын айыл өкмөтүнүн жана Аксы токой чарбасынын балансына киргизип, картага түшүрүү жагы Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын.
Төрага | Т. Батыралиев |