Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-майы № 2
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023-жылдарга карата бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин 2020-жылга бекитилген бюджет боюнча жана бюджеттин 2021-2022-2023-жылдарга карата болжолдуу долбоору боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол айылаймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-2022-2023-жылдарга карата түзүлгөн божолдуу долбоору жактырылып бекитилсин.
2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилгенкиреше бөлүгүнүн салыктык кирешелеринин роялити бөлүгүнүн көмүр түрүнөн 402,6 (төрт жүз эки миң алты жүз) сом акча каражаты башка пайдалуучу күйүүчү кендер түрүнүн планына жылдырылсын.
3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген киреше бөлүгүнүн салыктык эмес кирешелеринин жер казынасын пайдалануу үчүн лицензияны кармоо түрүнүн планы 1 288,6 (бир миллион эки жүз сексен сегиз миң алты жүз) сомго Аксы райондук каржы бөлүмү менен биргеликте кыскартылсын.
4. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр кирген учурда чыгаша бөлүгүнүн 3111 беренесинен кыскартылсын
5. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевке жүктөлсүн.
Төрага | Т. Батыралиев |