Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-майы № 3
ОсОО “Тегене” ишканасынын ижара акысын жана мамлекеттик салыктарды төгүүдө кетирген кемчиликтерин кароо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси болгон ОсОО “Тегене” ишканасынын ижара акысын жана мамлекеттик салыктарды төгүүдө кетирген кемчиликтерин кароо жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы. Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО “Тегене” ишканасы Ак-Жол айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн салык төлөмдөрүн аткарбай жаткандыктан жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э. Эшалиевке жүктөлсүн.
Төрага | Т. Батыралиев |