Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-майы № 5
Учурдагы Жол-Бакан, Кызыл-Бейит маселелери боюнча түзүлгөн кырдаалды талкуулоо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселеси болгон Учурдагы Жол-Бакан, Кызыл-Бейит маселелери боюнча түзүлгөн кырдаалды талкуулоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жол-Бакан маселеси боюнча колдо болгон тиешелүү материалдарды тактап Ак-Жол айылдык Кеӊешинин депутаттарынын атынан тиешелүү инстанцияларга кат жолдоо жагы колго алынсын.
2. Кызыл-Бейит, Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын жазган арызына негиз Ак-Жол айылдык Кеӊешинин депутаттарынын атынан тиешелүү инстанцияларга кат жолдоо жагы колго алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын колго алуу жана тиешелүү инстанцияларга кат жолдоо Айыл чарба, жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай, транспорт, ишкердик, иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө жана айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Ы Молорбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Батыралиев |