Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-майы № 6
Ак-Жол айылдык маданият үйүнө “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, журналист Ажыматов Зайырбек Самагановичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселеси болгон Ак-Жол айылдык маданият үйүнө “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, журналист Ажыматов Зайырбек Самагановичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү Кыргыз Респуликасыныны Улуттук жазуучулар союзунун 16.05.2020-жылдагы Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нур борбор” чыгармачылык академиясынын 15.05.2020-жылдагы, Кыргыз Республикасынын “Айтыш” коомдук фондунун 16.05.2020-жылдагы Ак-Жол айыл өкмөтүнө жана Ак-Жол айыл аймактык Кеңешине кайрылган кайрылууларын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Респуликасынын Улуттук жазуучулар союзунун, Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нур борбор” чыгармачылык академиясынын, Кыргыз Республикасынын “Айтыш” коомдук фондунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө жана Ак-Жол айыл аймактык Кеңешине кайрылган кайрылуулары негиздүү деп табылсын.
2. Кыргыз поезиясынын көрүнүктүү өкүлү З. Ажыматовдун улутту ар намысына келтирген , духун көтөргөн атуулдук ырлары, сүйүүнүн күчүн даңазалаган лирикалык ырларын баалоо менен, анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Ак-Жол айылдык маданият үйүнө акын, журналист З. Ажыматовдун ысымы ыйгарылсын.
Төрага | Т. Батыралиев |