Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-майы № 7
Айылдык Кеӊештин 2020-жылдын 4-мартындагы № 1 –токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясынын күн тартибиндеги жетинчи маселеси болгон Айылдык Кенештин 2020-жылдын 4-мартындагы № 1 –токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Айыл чарба, жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай, транспорт, ишкердик, иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл аймагынын Шынаа, Чоӊ-Камыш, Кара-Ой участкаларынын жашоочуларынын каршылык билдирүүсүнө негиз 2020-жылдын 4-мартындагы айылдык Кеӊештин кезексиз XXII-сессиясынын №1 –токтому жокко чыгарылсын.
2. Келечекте Ак-Жол дарыясынын нугунан казылып алынуучу кен байлыктар үчүн эч кандай жер аянтын бөлүп бербөө тууралуу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине эскертилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеӊешинин Айыл чарба, жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай, транспорт, ишкердик, иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комитетинин мүчөлүнө жүктөлсүн.
Төрага | Т. Батыралиев |