Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-майы № 8
Үч-Коргон айыл аймагынын Терс участкасынын 2250 га жер аянтын Ак-Жол айыл аймагындагы Жол-Бакан участкасынын 1757 га жер аянтына алмаштыруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясынын күн тартибиндеги сегизинчи маселеси болгон Үч-Коргон айыл аймагынын Терс участкасынын 2250 га жер аянтын Ак-Жол айыл аймагындагы Жол-Бакан участкасынын 1757 га жер аянтына алмаштыруу жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы. Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көп жылдан бери талаш маселе жаратып келген жалпы аянты 1757 га болгон Жол-Бакан участкасындагы жер аянты Үч-Коргон айыл аймагындагы Ак-Жол айыл аймагына тиешелүү болгон Терс участкасындагы 2250 га жер аянтка алмаштыруу боюнча макулдук берилсин.
2. Ак-Жол айыл аймагына тиешелүү болгон жер аянтынан 493 га ашыкча болгондугуна карабастан ар жылы эки элдин ортосунда болуп келген конфликтти биротоло түп тамырынан чечүү максатында Үч-Коргон айыл аймагына өткөрүлүп берилсин.
Төрага | Т. Батыралиев |