Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2020-жылдын 29-январы № 1/1
2020-жылга карата Ак-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин аткарылышы жакшы деп табылсын.
2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2-тиркемелерге ылайык 18770,1(он сегиз миллион жети жүз жетимиш миң бир жүз) сом менен бекитилсин.
3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн соц.адис жана “таза коом” кызматкерлеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен түзүлгөн келишимдерге ылайык төлөнүп берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 283,0 (эки жүз сексен үч миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл ичиндеги өзгөртүү, толуктоолорду айыл өкмөтүнүн буйругуна негиз жүргүзүү жагы Каржы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
6. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевге жүктөлсүн..
Төрага | Т. Батыралиев |