Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2020-жылдын 29-январы № 1/2
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата атайын каражаттарын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн атайын каражаты №1-тиркемеге ылайык киреше бөлүгү 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом жана чыгаша бөлүгү №2-тиркемеге ылайык 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сомго бекитилип, сметасы түзүлсүн.
2. 2020-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаты 190,1 (бир жүз токсон миң алтымыш жети) сом 70 тыйынга кошумча смета түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Батыралиев |