Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2020-жылдын 29-январы № 4
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2019-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2020- жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Эшалиев Эзендин жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрөгасы Н. Молдобаевдин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрөгасынын жылдык отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин аткарылышы кабыл алынсын.
3. Жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү( №1-тиркеме),чыгаша бөлүмү(№2-тиркеме) тиркемедегилерге ылайык бекитилсин.
4. Жайыт комитетинин 2020-жылга карата салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматына негиз төмөндөгүдөй бекитилсин.(№-3тиркеме)
5. Жайыт комитетинин төрөгасынын жана эсепчисинин айлык акысы (№4-тиркеме) тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
6. Жайыт комитетинен пайдаланууга берилген жерден жер салыгы алынсын(5-тиркеме)
7. Жайыт мыйзамынын жоболорун жана жайыт планын,Айыл өкмөтүнүн № 27- буйругун бузган,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга Кыргыз Республикасынын ”Бузуулар“ кодексинин 293-беренесине негиз каралсын.
8. Базада,чарба китепте катталбаган малдарга Айыл өкмөтүнүн № 27 -буйругунда көрсөтүлгөн баада алынсын.
9. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы(вет.справка) айыл өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
10. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлук малдан алынуучу салык статтык отчетто көрсөтүлгөн малдын башына жана ар бир атуулдун каттатпаган малына,жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386-“Жайыттар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 307-токтомуна негиз, жайыттан түшкөн салыктын 3/1 айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын
Төрага | Т. Батыралиев | |||||
|
| |||||
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
| |||
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
| |||