Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2020-жылдын 29-январы № 5/5
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын күн тартибиндеги 5/5-маселеси боюнча айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы. Молорбаевдин Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө, билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга такталган Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестри бекитилсин.
2. Жыл ичинде жаӊыдан курулуп жаткан социалдык объектилер өткөрүп алуу актысынын негизинде муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестрине киргилсин.
Төрага | Т. Батыралиев |