Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2020-жылдын 29-январы № 5/6
“Ак-Жол плейсер” ЖЧКсынын жетекчисинин кайрылган кайрылуусун кароо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын күн тартибиндеги 5/6 -маселеси боюнча айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы. Молорбаевдин “Ак-Жол плейсер” ЖЧКсынын жетекчисинин кайрылган кайрылуусун кароо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бул “Ак-Жол плейсер” ЖЧКсынын кызматкерлери менен Шынаа айылынын тургундарынын жолугушуусунун кабыл алынган элдик жыйындын токтому негиздүү деп табылсын.
2. Жергиликтүү тургундардын макулдугусуз жер аянтын бөлүп берүү боюнча иш аракеттер жүргузүлбөсүн.
Төрага | Т. Батыралиев |