Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2020-жылдын 29-январы № 5/8
Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит участкаларында жашаган атуулдардын кайрылуусу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын күн тартибиндеги 5/8 -маселеси боюнча Ак-Жол айылдык кенешинин депутаты Базарбаев Жолдошбектин билдирүүсүн жана Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит участкаларында жашаган атуулдардын кайрылуусун угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Аксы райондук Кеӊешинин 26.06.1995-жылдагы II-сессиясында кабыл алынган № 2/9 токтому Жалал-Абад областык Кеӊеши аркылуу белгисиз себептерден улам каралбай калып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине бул маалыматтын жетпей калгандыгы анык деп табылсын.
2. Аксы райондук Кеӊешинин 26.06.1995-жылдагы II-сессиясында кабыл алынган № 2/9 токтомунун 3-пункту менен Кара-Жыгач-Ак-Жол айылдык кеӊештеринин Кызыл-Бейит айылын мыйзамдуу өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү маселеси калктуу конуштар менен гана чектелип калып, жайыт жерлери камтылбай, учурда жайыт аянттары айыл өкмөттөр аралык талашка түшкөндүгү белгиленсин.
3. Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит участкаларында жашаган атуулдардын Ак-Жол айыл аймагындагы башка бардык айылдар менен жакын туугандык мамилеси, уруулаш, танапташ эл экендиги, ысык-суугу бир жана бир эл экендигин эске алып Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан бул маселени оң жагына чечип берүү жагы суралсын.
Төрага | Т. Батыралиев |