Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы
2020-жылдын 4-марты № 2
ОсОО “КМК Групп” ишканасынын директорунун арызын кароо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси ОсОО “КМК Групп” ишканасынын директорунун арызын кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО “КМК Групп” ишканасынын директорунун арызы канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өнөр-жай ,энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан берилген 2029-жылга чейин жарактуу 6238 ТЕ лицензиясына негиз Кара-Тыт аймагынан 4,67 га жер аянты кварц кумун жана каолин кенин казып иштетүү үчүн берилсин.
Төрага | Т. Батыралиев |