Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы
2020-жылдын 4-марты № 3
Айыл өкмөтүнүн борборундагы эс алуу паркына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сапаралиев Бекмырзанын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселеси Айыл өкмөтүнүн борборундагы эс алуу паркына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сапаралиев Бекмырзанын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 3 “Кызыл Жылдыз” орденинин ээси Ак-Жол айылынын тургуну Сапаралиев Бекмырзанын ысымы Ак-Жол айылынын борборундагы эс алуу паркына ыйгарылсын.
2. Эс алуу паркына ыйгарылган ардагер Сапаралиев Бекмырзанын жакындарына эс алуу паркын жолго коюуга жакындан жардам берүүлөрү милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Батыралиев |